• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аксы милициясынын имараты дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 18.03.20./Кабар/. Аксы милициясынын имараты дезинфекцияланды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дүйнө жүзүнө тарап жаткан коронавирус илдетинин алдын алуу максатында Аксы райондук санитардык эпидемиологиялык кызматы тарабынан РИИБдин имараты, убактылуу кармоочу жайы, текшерип өткөрүү пункту, жумуш бөлмөлөрү дезинфекцияланды.

Коронавируска каршы дезинфекциялоо иштери Жалал-Абад областынын аймагындагы башка милиция бөлүмдөрүндө дагы жүргүзүлүүдө. Ошондой эле милиция кызматкерлерине бул оорунун алгачкы белгилери жөнүндө маалыматтар жеткирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий