• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте Аксы окуясынын 20 жана Шералы Назаркуловдун 70 жылдыгы эскерилди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы окуясынын 20 жылдыгына жана Шералы Назаркуловдун 70 жылдыгына карата уюштурулган эскерүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Улуттук тарых музейинде алгач фотокөргөзмө көрсөтүлүп, андан соң келгендерге Аксы окуясы жана Шералы Назаркулов тууралуу тасма тартууланды.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн төрага Нурланбек Шакиев Аксы окуясын үй-бүлөлүк башкарууга каршы туруп, адам укугунун корголушун, сөз эркиндигинин сакталышын талап кылган жана бийликти элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө үндөгөн карапайым калктын демократиялык чакырыгы катары кароо керектигин белгиледи.

Ошондой эле Аксы окуясы менен Шералы Назаркуловду бөлүп кароого болбой тургандыгын айткан Төрага: "Шералы ага менен көп жолу жолугушуп, пикир алышкам. Анын көз карашы, жазган макалалары өзгөчө эле. 10-15 жыл алдыдагы келечекти көрүп, көсөмдүгү менен замандаштарына жана башка укук коргоочуларга үлгү болчу. Андыктан агабыздын ысымын алып жүргөн фонддун макамын жогорулатып, Шералы Назаркулов атындагы сыйлык уюштуруубуз кажет", - деди.

Андан тышкары, төрага Шакиев баштаган эскерүү иш-чарасынын катышуучулары Шералы Назаркуловко КР Баатыры ардактуу наамын ыйгарууну демилгелешти.

Муну менен катар депутат Айсаракан Абдибаева да сөз сүйлөп, адилеттүүлүктү талап кылган Аксы элинин кайратмандыгы жана Шералы Назаркуловдун мекенчилдиги тууралуу кеп кылды. Анын ичинен аталган тарыхый окуяны мектеп программасына киргизип, келечек ээлерин тарбиялоодо идеологиялык үлгү катары колдонууну сунуштады.

Ошондой эле жыйынга катышкан мамлекеттик жана коомдук ишмерлер да Аксы окуясынын тарыхый маанисине токтолушуп, Шералы Назаркуловдун өмүр жолун эскеришти.

Пикир

Оставить комментарий