• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аксы районунда болгон селден үйлөргө зыян келтирилген жок – Мирзахмедов

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Аксы районунда болгон селден үйлөргө зыян келтирилген жок. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

Түз эфирде ага, сел болгон Аксы жана Ала-Бука районунда калыбына келтирүү иштери кандай жүрүп жатат, жабыркагандарга мамлекет тарабынан эмне жардам болот деген суроо узатылды.

"Аксы районунда катуу жааган жаанга байланыштуу сел жүрдү. Анда 10 үйдүн короолорун суу каптаган. Үйлөргө зыян келтирилген эмес. Короолорду суу алган учурда мамлекет тарабынан жардам берилбейт. Тазалоо иштерин жүргүзүүгө жергиликтүү бийликтин күчү жетип жатат. Ошол эле учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы башкармалыгы тарабынан жардам көрсөтүлүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий