• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аксы районунда көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Жыл-Булак тилкесиндеги Узун-Сай селканасына көпүрө куруу иштери КР ӨКМнин 2018-жылдагы “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-мерчемине киргизилген.

2018-жылдын июль айында КР ӨКМ тарабынан товардык материалдык баалуулуктар: 9500 кг цемент жана 557 кг арматура бөлүнүп берилген.

Жергиликтүү бийлик тарабынан ашар ыкмасы аркылуу автоунаа өтүүчү көпүрө курулуп, бүгүнкү күндө пайдаланууга берилди.

Аталган көпүрө Кызыл-Туу айыл аймагындагы Кара-Ой, Жол-Сай, Сарымсак-Булун жана Кызыл-Туу айылдарындагы болжол менен 650 кожолуктун автоунаа каттамын байланыштырат.

Пикир

Оставить комментарий