• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аксы районунда катуу шамал катталып, турак үйлөрдүн чатырын учурду

Кырсык 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Жалал-Абаддын Аксы районунда катуу шамал катталып, турак үйлөрдүн чатырын учурду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-июнда саат 13:00дөр чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын жана катуу шамалдын кесепетинен Аксы районунун Кара-Суу жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү 3 турак жайдын, 1 мал сарайдын чатыры учкан.

Жеринде Жарандык коргонуу кызматы жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Жабыр тарткан жарандар жок.

Пикир

Оставить комментарий