• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Аксы районунда койчу II топтогу майып аялды өлтүргөн

Укук тартиби 0

Ош, 12.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Аксы районунда мас абалындагы киши II топтогу майып аялды өлтүргөндүгү тууралуу, Аксы райондук ИИБнен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 24-сентябрда түн жарымда Аксы райондук ИИБне белгисиз аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу жергиликтүү тургундан билдирүү келип түшкөн. РИИБдин кызматкерлери окуя болгон Кербен-Таш-Көмүр унаа жолунун 42-чакырымындагы Кош-Дөбө айыл округдук аймагындагы аянтчага келип, аялдын жансыз денесин көрүшкөн. Аялды мыкаачылык менен өлтүргөн шектүү окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Кийинчерээк маркумдун өздүгү такталып, ал 44 жаштагы Таш-Көмүр шаарынын тургуну 2-топтогу майып экендиги маалым болгон.

Ыкчам-иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Таш-Көмүрдүн 58 жаштагы А.Э. аттуу тургуну кармалган.

“Маалым болгондой, ал дыйкандын колунда койчу болуп иштеген. Кылмышты мас абалында жасаган. Ошол күнү бир нече адам менен спирт ичимдиктерин ичип отурушкан, алардын арасында маркум аял да болгон. Кийинчерээк алар экөө калганда, кылмышка шектүү аялдын денесине оор залака келтирген”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий