• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аксы районунда майыптыгы бар жаштарга компьютердик класс ачылды

Аймак 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү майыптыгы бар жаштар үчүн компьютердик класс уюштурулду. Бул тууралуу презтденттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, окуу классынын ачылышы менен алыскы айылдагы майыптыгы бар балдардын заман талабына ылайык билим алуусуна шарт түзүлдү.

"Бул багытта айыл өкмөт тарабынан даярдалган долбоорду Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду каржыланган. Ага жалпы 2 миллион 2 миң сом акча каражаты каралып, тендердик баасы 1 миллион 940 миң сомду түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бөлүнгөн каражатка компьютер, музыкалык аспаптар, эмеректер жана башка керектелүүчү техникалык алынган.

Пикир

Оставить комментарий