• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аксы районунда сел агызып кеткен 3 жашар кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Аксы районунда сел агызып кеткен 3 жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 12-июль күнү саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагындагы Жаңы-Жол айылында 2 турак үйдүн короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү агызып кеткен. Ошондой эле Таштак айылында 2016-жылы туулган К.А. аттуу баланы, Ак-Жол айыл аймагындагы Жолборсту айылында ички чарбалык жолдорду каптап, көпүрөлөрдү бузуп, 2018-жылы туулган Т.Ф. аттуу кызды агызып кеткен.

Жалпысынан 8 адамды сел агызып кетип, анын ичинен 6 адам табылган.

Бүгүн, 14-июлда саат 06.30да ӨКМден 15 куткаруучу, Аксы райондук РИИБнен 7 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Саат 10:30дар чамасында Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылында сел агызып кеткен 2018-жылы туулган Ф.Т. аттуу кыздын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан табылды.

Учурда 2016-жылы туулган К.А. аттуу баланы издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий