• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аксы районунда сел калдыктарынан 3900 метр унаа жолдор тазаланды – ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел калдыктарынан 3900 метр унаа жолдор тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-майда ӨКМнин Аксы району боюнча бөлүмүнүн ыкчам тобу, жергиликтүү тургундар жана райондук ЖТИден 1 жүктөгүч тартылып, сел калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлдү. Жолборсту айылындагы 2500 метр ички чарбалык унаа жолу толук жана Эчкилик-Сай айылындагы ички чарбалык унаа жолдун 1400 метр аралыгы тазаланды. Жалпы 3900 метр ички чарбалык унаа жолу тазаланды.

Иш-чара бүгүн, 9-майда улантылат. Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, 4-май күнү, түнкү саат 01:00 чамасында Аксы районунун Ак-Жол айылында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Эчкилик-Сай айылындагы 2000 метр жана Жолборсту айылындагы 2500 метр ички чарбалык унаа жолдорун суу каптаган.

Пикир

Оставить комментарий