• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Аксы районунда сел каптоо коркунучун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Аксы районунда сел каптоо коркунучун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагынын Семет айылында жаз-жай айларында нөшөрлөгөн жаан-чачындын кесепетинен Мундуз-Сай сел өтүүчү сайдын оң жээгине жакын жайгашкан 12 турак үйгө, коро-сарайларына жана айыл чарба жерлерине сел каптоо кооптуулугу жаралган.

Бүгүнкү күндө Мундуз-Сай сел өтүүчү сайдын оң жээгине габион торчо орнотуу үчүн ӨКМден 60тан ашуун габион берилип, атайын тулкусу жасалып, жергиликтүү тургундар тарабынан орнотулган.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 2020-жылга «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш-чарасынын мерчемине 76 объект бекитилген. Анын ичинен 25 обьектиде жумуш жүргүзүлүп, 24 обьектиде жумуш аяктап, 1 обьектиде жумуш улантылууда. Натыйжада облус боюнча 1100 турак жай, 2 мектеп, 2 бала бакча, 2 ФАП, 2 мечит, 1 насостук станция, 1200 метр автоунаа жол, 762 га айыл чарба жери корголду.

Пикир

Оставить комментарий