• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аксы районунда селдин алдын алуу иштери улантылууда - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Аксы районунда селдин алдын алуу иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагынын Жаңак айылында жаз-жай айларында нөшөрлөгөн жаан-чачындын кесепетинен Мундуз-Сай сел өтүүчү сайдын жээгине жакын жайгашкан 11 турак үйдүн коро-сарайларын жана 500 метр ички чарбалык автоунаа жолун сел каптоо кооптуулугу жаралган.

Кош-Дөбө айыл аймагынын Жаңак айылындагы 11 турак үйгө, коро-сарайларына жана 500 метр ички чарбалык автоунаа жолуна сел каптоо кооптуулугун алдын алуу максатында КР ӨКМден 1 экскаватор, 1 самосвал бөлүнүп, жээк бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.

"Жалал-Абад облусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 2020-жылга «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш-чарасынын мерчемине 76 объект бекитилген. Анын ичинен 26 обьектиде жумуш жүргүзүлүп, 25 обьектиде жумуш аяктап, 1 обьектиде жумуш улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий