• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аксы районунда түшүм майрамы өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда КР айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата түшүм майрамы өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган райондун мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын алкагында дыйкандардын конференциясы, андан соң айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өткөрүлдү. Ошондой эле түшүм майрамында Кербен шаардык мэриясынын жана айыл өкмөттөрү тарабынан асыл тукум малдардын, айыл чара техникалардын көргөзмөсү уюштурулду.

Жарманкеге активдүү катышкан айыл өкмөттөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Мындан сырткары райондун алдыңкы дыйкан-фермерлерине райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий