• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аксы районунда "Талаа күнү" белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Жайык айылында "Талаа күнү" белгиленди. Бул тууралуу жергиликтүү администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал GIZ`тин "Аймактарды комплексттүү өнүктүрүү" программасынын алкагында уюштурулуп, фермер жана бал аарычылардын даярдаган эмгектерин алып чыгышып, тажрыйбалары менен бөлүштү.

Иш-чаранын максаты - облустун Аксы жана Базар-Коргон райондорундагы дары чөптөрдү өстүрүү аркылуу монофлордуу балдын кошумча нарк чынжырын түзүү болуп саналат. Аны менен бирге аймактагы өндүрүш тармагындагы аялдардын экономикалык абалын жогорулатууну көздөйт.

Демилге "Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү" программасынын алкагында Европа Биримдиги менен Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү Федералдык министрлиги (BМZ) тарабынан каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий