• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аксы районунда жар кулап, бир турак үйдүн дубалын алып кетти

Кырсык 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 4-апрели күнү саат 05:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылында жар кулап, жанында жайгашкан турак-үйдүн арткы дубалын бузуп түшкөн. Көлөмү болжол менен 100м3. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Ошол учурда үйдүн ичинде эч ким болбогондуктан жабыркагандар жок. Үй тургундары туугандардыкына көчүрүлгөн.

Окуя болгон жерге тактоо үчүн КР ӨКМнин Аксы районун башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетти.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий