• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Аксы районундагы “Азирети Умар” мечити оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Шинаа айылында жайгашкан «Азрети Умар» мечитинде оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу райондун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков билдирди.

Анын айтымында, мечитти оңдоп-түзөө иштерине кеткен чыгымды жергиликтүү айылдын тургуну өз чөнтөгүнөн чыгарып, сообун көзү өткөн ата-энесине арнаган. Жалпы капиталдык ремонт иштерине 400 миң сом акча каражаты сарпталды.

“Бул бир тууганыбыз ата-энеге жакшылык кылуунун эң мыкты үлгүсүн көрсөттү. Сооп табуу бир гана тамак-аш тартуулоо менен гана чектелбестен ушундай элге пайдалуу иштерди жасаса эмнеге болбосун”, - деди Мырзабек ажы Абдыкалыков.

Пикир

Оставить комментарий