• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аксы районунун Ак-Жол айылында 50 орундуу бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айылында 50 орундуу бала бакчанын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти.

Иш-чарага Аксы районунун акими Замир Сыдыков, АРИСтин аткаруучу директору Бекжан Супаналиев, АРИСтин аймактык өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бала бакча АРИСтин “Коммуналдык инфраструктураны каржылоо (ПСИ-KfW) 3-этап” долбоору тарабынан курулган.

Бала бакчанын имараты бир корпустан турат жана бардык керектүү эмерек, техника жана жабдуулар менен жабдылган. Ошондой эле бала бакчада кубаттуулугу 100 квт болгон трансформатордук көмөкчордон, оюндар үчүн аянтча, кѳрктѳндүрүү жана жашылдандыруу иштери каралган. Курулуштун жалпы аянты 2500 чарчы метрди түзөт.

Объекттин наркы 15 млн 823 миң 18 сом. Анын ичинен донор тарабынан берилген грант 13 млн 380 миң 825 сом, ал эми айыл өкмөтүнүн салымы 2 млн 442 миң 192 сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий