• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аксы районунун акими кызматынан бошотулуп, жаңысы дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Ыманберди Досбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими кызматынан бошотулду.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, КРнын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык Эсеналы Ормоналиев Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий