• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аксы Сооронбай Жээнбековду колдоду!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 14.09.17 /Кабар/. Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу үчүн Аксы районунун борбордук стадионуна 10 миңдей киши келди. Жеңижок, Ниязалы, Төлөгөн Касымбеков сындуу кыргыздын алп уулдарынын кичи мекени болгон Аксынын тургундары Сооронбай Жээнбековду чоң ураан-сүрөөн менен тосуп алды.

Сооронбай Жээнбеков шайлоочуларын мамлекетти өнүктүрүү боюнча көз карашы менен тааныштырып, аймактардын эң орчундуу жана көйгөлүү маселелери кантип чечилип жатканы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, коңшу мамлекет Өзбекстан менен биргеликте чек аралар боюнча макулдашууга кол коюу чечимине келүү жеңил болгон жок. Бир жылдын ичинде – 2016-жылдын августунан 2017-жылдын августуна чейин өкмөттөр аралык комиссиялардын 15 отуруму өтүп, натыйжада бир чечимге келишип, мамлекет башчылары келишимге кол коюшкан.

«Бул маселелер чечилип жатканда айрым талаш-тартыш жараткан участоктор бар эле. Натыйжада, бул маселелерэки мамлекеттин кызыкчылыгында, дипломатия жолу менен чечилди. Ооба, мындан башка дагы айрым маселелер жок эмес, муну чечүү убакыт талап кылат. Бирок биз бул маселелерди да чечебиз, мен силерге убада берем», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, аксылыктар үчүн ирригация маселеси да абдан чоң көйгөй бойдон калууда. Советтер Союзу кулагандан бери каналдардын көпчүлүгү ишке жараксыз болуп калган. Дыйкандар эптеп-септеп жерлерин сугарып жатышат. Бирок бул маселе да жакында чечилет, анткени Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда өлкөдө ирригацияны өнүктүрүү боюнча программа иштелип чыккан. Бул жакка баскычтарга бөлүнгөн 45 ирригациялык долбоор кирген. Аксы районундагы Ак-Терек каналы биринчилерден болуп чечилүүчү маселелерден болду.

«2007-жылы мен айыл чарба министри кызматына дайындалганымда, Кыргызстандын ирригациялык долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Мен бардык аймактарды кыдырып чыгып, бул долбоорду баштаган элек. 2007-жылы Иринжит каналы боюнча ишти баштаганбыз. Бирок кызматтан кетип, бул жумуштар ошол бойдон токтоп калган. Кийин бул долбоорду кайра ишке киргиздик. Долбоорду иштетүү мүмкүн болооруна эч ким ишенген эмес эле. Жаңы жумушчу орундар түзүлөт, миграция азаят. Учурда биз кошумча дагы 45 ирригациялык долбоор кирген программа иштеп чыктык, мурдагы каталарды эске алып, долбоорду үч этапка бөлдүк. Ишке ашырылып жаткан 12 долбоорго 4 млрд 900 млн сом каралган. Буга акча каражаты бизде бар. 17 долбоорду камтыган экинчи этап боюнча дүйнөлүк каржы институттары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бюджтеттен 800 млн сом бөлүп берүү каралган. Үчүнчү этапка 12 долбоор каралган. Буга тиешелүү акча каражаттарын издөө боюнча жумуштар аткарылып жатат. Ошентип, 10 жылдын ичинде акырындап 65 миң гектар жаңы айдоо жерлерин ишке киргизебиз. 9600 гектарга насос станцияларынан каналдарды өткөзөбүз. 50 000 гектар жерди сугаруу жакшырат. Ак-Терек каналы акча каражаты даяр маанилүү долбоорлордун ичине кирди. 10 жылдан кийин сугат иштери боюнча эч кандай көйгөй жаралбайт деп айта алам», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Талапкер менен жолугушууга Аксынын борборундагы стадионго 10 миңден ашуун жаран келди. Кыргыз элинин салтына ылайык, аксылыктар Сооронбай Жээнбековго ак калпак жана чепкен кийигизишип, алдыдагы сынакта күлүктөй озуп чыгуусун тилек кылып, ак баталарын берип, ак боз ат мингизип узатышты.

Талапкердин агитациялык иштерине коомдук-саясий ишмер Топчубек Тургуналиев, «Замандаш» партиясынын теңтөрагасы Жеңиш Молдокматов, интеллигенция өкүлдөрү жана урмат-сыйга ээ жергиликтүү аксакалдар катышууда.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 14.09.2017-ж.

Пикир

Оставить комментарий