• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аксы жана Ала-Бука райондук милициясы аткезчиликтин алдын алууда

Аймак 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Аксы жана Ала-Бука райондук милициясы аткезчиликтин алдын алууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-январда саат 23:30 чамасында Аксы райондук милициясынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматкерлери Аксы районунун 2 жараны аткезчилик жол менен Өзбекстанга 14 баш бодо малды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармашкан. Аталган факты райондук милицияга "Аткезчилик" беренеси менен катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган.

Анын жүрүшүндө кармалгандар Аксы районунун тургундары 1969-жылы туулган Д.И. жана 1987-жылы туулган О.Т. экени такталып, алар 14 баш бодо малды Өзбекстандын жаранына сатуу үчүн чек ара тарапка айдап чыгышкандыгы аныкталган.

Ошондой эле 30-январь күнү Аксы районунун тургуну “Кеңеш” аттуу жаран Ала-Бука ройонунун Ак-там айылында 4 баш букасын чек арадан мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылып жаткан жеринен Ала-Бука райондук милициясынын жана Ала-Бука ройондук чек ара заставасынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Аталган факты Ала-Бука райондук милициясында каттоого алынып, тийиштүү материалдар топтолуп, алдын ала териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, Аксы жана Ала-Бука райондору Өзбекстандын Наманган облусу менен чектешет. Бул аймакта тиешелүү кызматтар жана милиция аткезичлик менен тынымсыз күрөшүп келет.

Пикир

Оставить комментарий