• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аксы жана Ала-Букада шайлоого карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрь күнү өтө турган парламенттик шайлоого карата Аксы РИИБи тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милициянын көчмө кабылдама унаасы менен кызматкерлер эл аралып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар өткөрүлдү. Анда шайлоо күнү жана ага чейин добуш сатуу жана сатып алуудан алыс болуу керектиги эскертилди.

Мындан сырткары, жарандардын арыз-даттануулары жеринде кабыл алынып, юридикалык кеңештер берилди. Күн суук мезгилдерде түрдүү кырсыктардан оолак болуп, кылмыштуулуктун алдын алууда биргелешип иштөө зарылдыгы белгиленди.

Ал эми Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери тарабынан жогорку класстардын окуучулары арасында эрте никеге туруунун алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле окуучулар арасында конкурстар уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Ата-энелер катышкан жыйындарда коомдогу терс көрүнүштөргө бөгөт коюу жана шайлоо күнү мыйзамдуулукту сактоо керектиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий