• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Аксыда айыл өкмөттүн кызматкерлери кенди мыйзамсыз казууга жол берген. Мамлекетке 19 млн сом зыян келтирилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлеринин аракетсиздигинин натыйжасында мамлекетке 19 млн сомдон ашык өлчөмүндө зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан Аксы районунун Тегене, Ак-Суу айылдарынын тургундарынын арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, пайдалуу кендерди мыйзамсыз казууга жол беришкен.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын 2020-жылдын 24-декабрындагы жана 2021-жылдын 14-январындагы корутундуларына ылайык, белгиленген айыл өкмөттүн жооптуу кызмат адамдарынын жана айрым юридикалык жактардын мыйзамсыз иштеринин натыйжасында мамлекетке 19 млн 366 миң 37 сомдук зыян келтирилгендиги тастыкталган.

Аксы райондук прокуратурасы тарабынан аталган фактылар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 233-беренеси (коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) менен Кылмыш жана жоруктардын биридиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий