• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аксыда архитектура кызматынын жаңы имараты курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-апрелде, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында райондук архитектура кызматынын эки кабаттуу заманбап имаратынын курулушу башталып, пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүдө айтылгандай, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышты. Облус башчысы демилге жергиликтүү бийлик жана мекеме жетекчилигинин кызматкерлерге шарт түзүү, калкты заманбап тейлөө максатындагы аракеттери экенин белгиледи.

Райондун архитектура кызматынын 1995-жылдан бери административдик имараты жоктугунан кызматкерлер ижарага ар кайсы мекемелердин имаратында иштеп келишкен.

Жаңы имаратты курууга жалпы 8 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Анын 4 миллион сому райондун өнүктүрүү фондунан, калган сумма мекеменин жеке салыгынын эсебинен каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий