• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аксыда ата-энелер жана окуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Аксы РИИБнин кызматкерлери Кербен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде окуучулар менен жолугушуу өткөрүштү. Бул жыйынга райондук мамлекеттик администрация, билим берүү, социалдык өнүгүү, үй-бүлөнү коргоо, балдарды колдоо бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана мектеп окуучулары менен ата-энелер катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ата-энелерди мектептен сырткары балдарына тыкыр көзөмөл кылууга чакырышты. Кышкы мезгилде кооптуу аймактардан чана, лыжа тебүүбө болбостугун эскертишип, ар түрдүү кырсыктардан оолак болууга үндөштү.

Мындан сырткары, жаштар арасында кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу, топтошуп мушташууларды, мектеп рекетчилигин болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий