• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аксыда аты менен сууга түшүп кеткен 11 жашар баланы издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Аксыда аты менен сууга түшүп кеткен 11 жашар баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-май күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Терс айылынын тургуну 2010-жылы туулган эркек бала Желе-Терек тилкесинде жайлоого мал айдап бара жатып мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп, аты менен кошо сууга түшүп кеткен.

31-май күнү жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 14 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып Түрдүк суусунун Желе-Терек тилкеси менен Кардон тилкесинин ортолугунда жүргүзүлдү. Бирок натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 1-июнь күнү издөө иш-чаралары улантылат.

Пикир

Оставить комментарий