• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аксыда эки күндүк командалык-штабдык машыгуу өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Аксыда облустук Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарынын күч каражаттарын тартуу менен эки күндүк командалык-штабдык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, машыгууга Жалал-Абад ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Алмазбек Жусупов, Аксы РИИБдин начальниги Айылчы Мырзамамытов, РИИБдин өздүк курамы, ЖКККБнын, ӨКМ жана райондогу мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.

"Жаз-жай мезгилдеринде аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам жер көчкү, сел суу ташкындары жана өрт кырсыктары катталган учурда милиция кызматкерлеринин аткара турган жумуштары көрсөтүлдү. Машыгуунун алкагында табигый кырсык катталган аймактарда жарандардын өмүрүнө зыян келтирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу, мүлктөрдү талап-тоноодон коргоо, коомдук тартипти сактоо, жарандардын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында курчоого алуу жана кайгуул-күзөт багыттары уюштурулду", - деп айтылат билдирүүдө.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, милиция өз багытында коюлган тапшырмаларды толугу менен аткарууга алды жана коомдук коопсуздукту көзөмөлдөдү.

Пикир

Оставить комментарий