• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аксыда ички иштер органдарынын ардагерине медаль тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында ички иштер органдарынын ардагери Ташполот Сарыбаевдин 70 жаш кутман курагы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында ардагерге ИИМдин «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалы тапшырылды.

Медалды Аксы РИИБнин башчысы Айылчы Мырзамамытов тапшырып, калпак, чепкен кийгизип, аны менен катар ардагерге бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык каалап өттү.

Ардагер Ташполот Сарыбаев Аксы РИИБдин жетекчилигине жана өздүк курамына ыраазычылык билдирип, иштеринде ийгиликтер болуусун каалады.

Пикир

Оставить комментарий