• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аксыда июнь окуясы эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Аксыда июнь окуясы эскерилди. Бул тууралуу Аксы райондук мамлекекттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, райондук администрация Кербен шаарынын мэриясы менен биргеликте кыргыз-ѳзбек элдеринин катышуусунда ынтымак чайын уюштурду. Анда эки элди ынтымакка чакырган жылуу каалоо тилектер айтылып, каза болгондорго арналып куран окутулду.

Белгилей кетсек, 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь коогасына бүгүн 11 жыл болду.

Расмий маалыматка таянсак, бул каргашалуу окуяда 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий