• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Аксыда Калкты тейлѳѳ борбору ачылат

Аймак 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Калкты тейлѳѳ борбору ачылат. Бул тууралуу Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аксы районунда Калкты тейлөө борбору буга чейин жок болгондугуна байланыштуу бөлүмдөр ар кайсы имаратта жайгашып, тейлѳѳнүн сапаты жакшы болбой, кезек күткѳндѳр кѳп болуп, калктын нааразычылыгын жаратып келген.

Район акими Замирбек Сыдыков жерине барып, тейлѳѳнүн сапаты жакшы болбой жаткандыгына күбѳ болуп, тез арада бардык шарты бар имаратка кѳчүрүү талабы коюлган.

Азыркы учурда Кыргызпочтасы мамлекеттик мекемесинин экинчи кабатында бош турган имарат бѳлүнүп, ондоп-түзѳѳ иштерине Аксы районунун ѳнүктүрүү фондунан 1,5 млн сом акча каражаты каралып, заманбап Калкты тейлѳѳ борборун ушул жылдын апрель айында ишке берүү пландалууда.

"Райондо жарандар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмү, ошондой эле документтештирүү учурунда зарыл болгон касса, дарек-маалымдама бюросу, сүрөт кызматы, ксерокөчүрмөлөө жана сурап-билүү кызматтары жайгаштырылат. Кайрылган жарандар зарыл болгон документтерди имараттан сыртка чыкпай туруп эле топтой алышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий