• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аксыда катталган катуу шамал авариялык абалда турган мектептин чатырын учуруп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда катуу шамал катталды, - деп кабарлайт КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 16-июль күнү саат 23:00 чамасында катуу шамал катталып, Кара-Суу айыл аймагына караштуу Топ-Жаңгак тилкесиндеги авариялык абалда деп корутунду чыгарылган Кулназаров атындагы орто мектебинин 15 чарчы метр чатырын учуруп кеткен. Учурда шамалдын ылдамдыгы такталууда.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМдин Аксы райондук бөлүм башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий