• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аксыда катуу шамалдан зыян келтирилди

Аймак 0

БИШКЕК, 18.08.17. /Кабар/. Аксы районунда 2017-жылдын 16-август күнү саат 22:30 чамасында Кош-Дөбө айыл аймагында ылдамдыгы болжол менен секундасына 18-23 метрге жеткен катуу шамал катталган. Натыйжада Атана айылынын Т.Мавлянов атындагы №11 орто мектептин кампасынын чатырынан 30 шифер, спорт зал жана башкы корпусунун чатырынан 26 шифер жараксыз абалга келген. Андан сырткары 4 терезе сынган, (узуну 165 см туурасы 70 см), 4 электр мамычасы кулап, 600 метр электр чубалгылары үзүлүп, Атана айылында электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учураган.

Ошондой эле, ӨКМ билдиргендей, Атана айылынын Бай-Кыштак участкасындагы 5 турак үйдүн чатырынан 49 шифер, 2 мал сарайдын чатырынан 15 шифер, 1 ашкананын чатырынын 7 шифер, көрүстөндөгү навестин чатырынан 5 шифер учуп жараксыз абалга келген. Кош-Дөбө айыл аймагы боюнча жалпысы 132 шифер жараксыз абалга келген.

Окуя болгон жерде КР ӨКМнин Аксы районундук бөлүмүнү, Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, райондук Электр тармактар ишканасынан 1 бригада тартылган.

2017-жылдын 17-август күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде тактоо иштери жүргүзүлгөн. Турак үйлөрдүн ээлерине комиссия тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Райондук Электр тармактар ишканасы тарабынан Атана айылында электр энергиясын калыбына келтирүү иштери аткарылып, электр энергиясы берилген.

Пикир

Оставить комментарий