• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аксыда милиция тарабынан өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Аксы райондук милициясы тарабынан жазгы сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатындагы жумуштар улантылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерге эскертүү тактайчаларын орнотуп, суу бойлорунда жүргөн өспүрүмдөргө эскертүү беришти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эл аралап, ата-энелер менен жолугушуп, жаш өспүрүмдөрдү көзөмөлсүз калтырбоого чакырышты. Алардын көлмөлөргө, чоң сууларга түшүүсүнө жол бербей, балдарынын негизсиз көчөдө жүрүүлөрүнүн алдын алууга үндөштү.

Ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн чогулуп алып жаратылышка эс алууга чыгуусуна болбой тургандыгы жеткирилди. Район аймагындагы эс алуучу жайлар азыркы учурда милиция тарабынан катуу көзөмөлгө алынууда.

Пикир

Оставить комментарий