• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аксыда окуучу кыздар арасында массалык мушташ чыккан

Аймак 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Аксыда окуучу кыздар арасында массалык мушташ чыккан, - деп билдирет Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Аксы районунун Жаңы-Жол айылындагы №13 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектебинин 10-11-класстын окуучу кыздары мушташа кетишкен.

Массалык мушташ 18-ноябрда болжол менен саат 17:30да болгон, мушташка катышкан кыздар арасында өз ара пикир келишпестик болгондугу кабарланды.

Облустук милициядан билдиришкендей, аталган факты боюнча топтолгон материал Аксы РИИБнин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (“Ээнбаштык”) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда чырдын эмнеден улам келип чыккандыгы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий