• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аксыда сел агызып кеткен 5 жашар бала табыла элек — ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Аксыда сел агызып кеткен 5 жашар бала табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 12-июль күнү саат 18:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылындагы Алты-Айры жайлоосуна жааган жамгырдан кесепетинен Жолборсту сайынан сел жүрүп, 7 адамды агызып кеткен (2 аял жана 5 бала). Мындан сырткары Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылында 2016-жылы туулган К.А. аттуу баланы сел агызган. Сел суулары жалпы 8 адамды агызган, анын ичинен 6 адамдын жансыз денелери табылып, 14-июль күнү 1 кыздын (2018-жылы туулган) жансыз денеси табылып, 1 бала (2016-жылы туулган) табыла элек.

Ошондой эле сел ички чарбалык жолдорду, ички чарбалык 4 көпүрөнү жараксыз абалган келтирген. Райкомол айылында ички чарбалык жолдун 700 метр аралыгын, Лесхоз тилкесинде ички чарбалык жолдун 300 метр аралыгын аӊдап жана 2 жөө адамдар өтүүчү көпүрөлөрдү агызып кеткен. Тегене айылында ички чарбалык жолдун 600 метр аралыгын айрым жерлерин аӊдап кеткен, жол каттамына кыйынчылык жаралган. Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында Кара-Бото жайлоосуна баруучу ички жолдорду сел каптап, 2 ички чарбалык көпүрөнү, 5 жөө адамдар өтүүчү көпүрөлөрдү сел агызып кеткен. Айыл тургундары учурда айланма жолдор менен каттоодо.

15-июль күнү 2016-жылы туулган баланы издөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтык болгон жок. Бүгүн, 16-июль күнү издөө иштери улантылат.

Ал эми тартылган техникалар Жолборсту жана Жаңы-Жол айылыдарында сел калдыктарын тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Мындан сырткары, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында "Өзгөчө кырдаал" режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий