• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аксыда сел агызып кеткен баланын сөөгү табылды

Аймак 0

Бишкек, 17.07.21. /Кабар/. Аксыда сел агызып кеткен 5-6 жаштардагы баланын сөөгү Кара-Суу дарыясынын Нарын дарыясына куйган жериндеги жээгинен табылды.

ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, издөө иштерине 9 куткаруучу тартылып, саат 15:20да куткаруучулар сөөктү суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Эскерте кетсек, 12-июлда саат 18:00 чамасында Аксы районунун Жаңы-Жол айылында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, ал эки үйдү жана ички жолду каптаган. Ак-Жол жана Жолборсту айылдарында жолдор жана көпүрөлөр бузулган.

Таштак айылында эки баланы сел суусу агызып кеткен. Жалпысынан селден 8 адам каза болгон. 7 жарандын сөөгү мурда табылган.

Пикир

Оставить комментарий