• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Аксыда сууга түшүп кеткен баланы издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Аксыда сууга түшүп кеткен баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-май күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Терс айылынын тургуну, 2010-жылы туулган эркек бала Кара-Суу айыл аймагынын Желе-Терек тилкесинде жайлоого мал айдап бара жатып мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткен.

26-май күнү жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында ӨКМден 15 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылып, Желе-Терек тилкесинен Түрдүк айылына чейин болжол менен жалпы 27 чакырым аралыкта издөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 27-май күнү издөө иш-чаралары улантылат.

Пикир

Оставить комментарий