• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аксыда Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгына арналган илимий конференция өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Кечээ, 25-октябрда Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдык мааракесине арналган конференция болуп өттү. Бул тууралуу Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы М.Сыдыков атындагы жалпы орто мектепте уюштурулган.

Илимий конференцияга Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Д.Абдылдаева, Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аксакалдар кеңешинин төрагасы Т.Абасов, жазуучунун уулу, коомдук ишмер Р.Төлөгөнов, айыл өкмөттүн өкүлдөрү, мектеп директорлору катышты.

Келген коноктор конференция башталардын алдында уюштурулган көргөзмөгө көз чаптырышты. Көргөзмөдө жазуучу Т.Касымбековдун чыгармалары, алган сыйлыктары, окуучулар тарабынан жасалган жазуучунун үйү коноктордун кызыгуусун арттырды.

Конференцияда жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр окуучулар тарабынан аткарылып, уюштурулган илимий конференция өз максатына жетти.

Жазуучу Төлөгөн Касымбеков 1931-жылдын 15-январында Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында туулган, ал эми 2011-жылдын 17-июнунда 80 жашында дүйнөдөн кайткан.

Пикир

Оставить комментарий