• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аксыда турак үйлөрдүн короолорун суу каптады

Аймак 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Аксыда турак үйлөрдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 8-февраль күнү жааган жамгырдын жана эриген кардын суулары топтолуп, Кербен шаарынын Шопоков көчөсүндө жайгашкан 4 турак үйдүн короолорун, Үмөталиев көчөсүндө 1 турак үйдүн чарбагын жана Күлүк-Дөбө айылында жайгашкан 27 турак үйдүн чарба курулуштарын, чарбактарын суу каптаган.

Тазалоо иштерине 7 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20 адам, мэриядан 1 жүктөгүч тартылган. Каптаган суу мотопомпанын жардамы менен сордуруп чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий