• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аксыда жайкы аптапка байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Аксыда жайкы аптапка байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы жогорулап, күн ысыган сайын сууга түшүүлөрдүн саны көбөйүп барат. Бул багыттагы табигый кырсыктардын алдын алуу максатында милиция тарабынан тынымсыз иш-чаралар жүргүзүлүп келүүдө.

Аксы РИИБи тарабынан өспүрүмдөр катышкан терс көрүнүштөргө жана кырсыктарга бөгөт коюу багытындагы иштер уюштурулуп, айыл жерлеринде түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлүүдө. Район аймагындагы сууга түшүүгө кооптуу деп эсептелген каналдарга, чоң арыктарга, көлмөлөргө эскертүү тактайчалары орнотулду.

Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери өспүрүмдөрдүн сууга чөгүүлөрүн болтурбоо үчүн ата-энелерди өз балдарын жөнү жок көчөгө чыгарбай, алардын жүрүм-турумун жана кайда жүргөнүн көзөмөлгө алууга чакырышты.

Ошондой эле өспүрүмдөрдүн оор жумушка тартылуусунун алдын алуу багытында бир катар объекттер текшерүүгө алынып, жумуш берүүчүлөргө эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий