• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аксыда жергиликтүү “Кербен” аэропортунун иши жанданат

Аймак 0

Ош, 06.03.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы жергиликтүү “Кербен” аэропортунун иши кайрадан жанданат.

Жогорку Кеңештин 1-мартта өткөн жыйынында “Кербен” аэропортунун ишин кайра жандандыруу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.

Депутат Алмазбек Эргешовдун айтуусунда, эгерде “Кербен” аэропортунун иши жанданса, өзүн-өзү актайт. Себеби аэропорт бир гана Аксы районунун калкын тейлебестен, Наманган облусунун 1 млн 800 миң калкына да кызмат көрсөтөт.

“Биз билгендей Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы алакалар жакшырды, ӨРнын жарандары тоскоолдуксуз эле чек арадан өтө алышат. “Кербен” аэропорту Наманган облусунун борбору Наманган шаарынан 80 км аралыкта жайгашкан. Өзбекстандын жарандары Бишкекке баруу үчүн аэропорттон уча алышат, ал эми КРдин борборунан Түркияга же башка чет жактарга учууга болот”,-деп билдирди депутат.

Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев ички рейстерге учактардын жетишсиздиги көйгөй болуп жатканын, аэробекет комплексин реконструкция жүргүзүүгө тендер жарыялангандыгын маалымдады.

Жергиликтүү “Кербен” аэропорту 1979-жылы курулуп, 25 жыл аралыгында иштеген. 2004-жылдан бери аэропорт жөн гана турат, ал Аксы, Чаткал, Ала-Бука райондорунун жана Таш-Көмүр шаарынын элин тейлеп келген.

Пикир

Оставить комментарий