• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аксыда жол кырсыгынан бир адам мерт кетип, 13 киши жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Аксыда жол кырсыгынан бир адам мерт кетип, 13 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-майда таңкы саат 5:55 чамасында Аксы районундагы Кербен – Кош-Дөбө унаа жолунун 13-чакырымында “ВАЗ 2106” жана Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесептинен 1 эркек киши каза болуп, 13 киши (7 эркек, 3 аял жана 3 жаш бала) ар кандай жаракат алышкан, учурда аты-жөндөрү такталууда.

Жерине 2 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми тез жардам кызматынан 2 бригада тартылып, жабыркаган адамдарды Аксы райондук ооруканага алып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий