• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аксыдагы “Караван” аэропортунун аэродрому жайдын аягына чейин оңдолот

Аймак 0

Бишкек, 01.04.23. /Кабар/. Аксы районундагы “Караван” аэропортунун аэродрому үстүбүздөгү жылдын жай айларынын аягына чейин оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 30-мартта "МЭА" ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан "Караван" аэропортуна иш сапары менен барышты.

Иш сапардын жүрүшүндө "МЭА" ААК Башкармалыгынын төрагасы Жогорку Кеңештин төрагасына 2021-жылдын 7-сентябрында "Эти Бакыр Терексай" ЖЧКсы менен "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын ортосунда "Караван" аэропортунун аэродромунун элементтеринин төшөлмөсүн оңдоо-калыбына келтирүү иштерин инвестициялоо жана жүргүзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлганын, келишим 2022-жылы аяктаганын айтты.

"Эти Бакыр Терексай" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп жаткан аэродромдун төшөлмөсүн оңдоо жана калыбына келтирүү иштери толук бүтпөгөндүгүнө байланыштуу жана "Караван" аэродромунун шартында AvroRJ-85 сыяктуу аба кемелерди эксплуатациялоо үчүн учуп-конуу тилкесинин, рулеждик жолчосунун жана учак токтотуучу жайлардын төшөлмөлөрүнүн көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 2023-жылы "МЭА" ААКтын өздүк каражатынын эсебинен "Караван" аэропортунун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин жана учак токтотуучу жайларын оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү пландаштырылууда", - деп белгиледи ал.

Манасбек Самидинов бардык иштерди 2023-жылдын жай айларында бүтүрүү пландалып жаткандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий