• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аксыдагы окуучу кыздардын массалык мушташы: Билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.М. Зиябекова Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 20-ноябрындагы буйругу менен Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик, жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамынын 47-беренесине ылайык, ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы №13 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектептин 10-11-классынын окуучу кыздарынын ортосунда мушташуу катталган.

"Жетекчи окуучулар арасында тиешелүү тарбиялык иштерди жүргүзгөн эмес. Зиябекованын буга чейин да жоюлбаган тартиптик жазасы бар, ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди бир нече жолу аткарбагандыгы эске алынды", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий