• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аксыдагы окуучуну сабоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы окуучуну сабоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, 7-февраль күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Аксы райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Аксы аймактык оорукананын дарыгери, 16 жаштагы (2004-жылы туулган) Авлетим айыл аймагынын Т.М. аттуу тургуну денесинен жараат алып, оорукананын сынык-жараат бөлүмүнө түшкөндүгүн билдирген.

"Бул маалымат боюнча милиция тарабынан жүргүзүлгөн алдын ала териштирүүдө, окуя 6-февраль күнү болжол менен саат 13:30да Авлетим айылындагы №5 А.Кабаев орто мектебинин жанында курулуп жаткан спорт залдын ичинде болгону, өзүнө теңтуш 9-класста окуган 6 бала "чоң балдарга кошулбай биз менен чогуу жүр" деп сабап койгондугу такталган. Ошондой эле окуя боюнча жабырлануучунун апасы О.З. райондук милицияга арыз менен кайрылган", - деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы окуя боюнча топтолгон материал Аксы райондук милициясынын Кылмыш жана жоруктардын реестрине КР Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен катталып, сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

Маалыматка ылайык, ал иштин алкагында Аксы райондук прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле окуяга тиешелүү болгон бардык шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, ата-энелердин жана социалдык педагогдордун катышуусунда суракка алынып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

"Аталган өндүрүш иши боюнча жабырлануучунун апасы О.З. мыйзамдуу өкүлү деп табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө О.З. эч кимге арыз-доосу жок экендигин
билдирип, тосмо арыз менен кайрылган. Бирок КР Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча тосмо арыз канааттандырылган эмес. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгарылып, жабырлануучу денесине анча оор эмес залал келтирилгендиги аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш жыйынтыктоодо турат жана иштин материалдары жакын арада соттук териштирүү үчүн сотко жөнөтүлөт", - деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен билдиришкендей, жогорудагы факты боюнча аймактык ички иштер органдары тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен Аксы РИИБнин жетекчилиги, милициянын ыйгарымдуу өкүлүнө өзүнүн түздөн-түз функционалдык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы жана профилактикалык иштерди начар жүргүзгөндүгү үчүн "сөгүш" жарыялаган. Жашы жете электердин иштери боюнча инспекторуна укук бузууларды алдын алууну күчөтүү, профилактикалык чараларды көрүү керектиги айтылган. Кызматка бир жума мурда дайындалганына байланыштуу ага карата жаза колдонулган эмес.

Пикир

Оставить комментарий