• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аксыдагы окуучусу сабалган мектептин директору иштен алынды

Аймак 0

Бишкек, 12.03.20 /Кабар/. Аксы районундагы окуучусу сабалган мектептин директору иштен алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү министрлиги бир окуучуну бир нече бала ур-токмокко алган тасма боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет:

Окуя 2020-жылдын 6-февралында Аксы районундагы №5 Асанбек Кабаев орто мектебинин аймагында катталган. 9-класстын 6 окуучусу ушул эле класстын башка окуучусун сабашкан. Сабалган өспүрүм ооруканага кайрылган, учурда окуусун ошол мектепте улантууда.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашкандай, окуядан кийин Асанбек Кабаев орто мектебинин социалдык педагогу жумуштан алынган.

Мектептин директору Кененбай Шабданов өзүнүн функционалдык милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле жасап, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматынын бошотулду.

Министрлик аталган мектептин ата-энелери, жергиликтүү коомчулук, мектеп мугалимдеринин биргелешип иштөөсүнүн зарылдыгы боюнча тапшырмаларды берди. Аксы райондук билим берүү бөлүмү тарбиялык иштерди күчөтүү, комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгууга милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий