• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Аксыдагы сел 3 жана 5 жаштагы балдарды агызып кеткен — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Жалал-Абаддын Аксы районунун Жаңы-Жол айылында 12-июль күнү саат 18:00дөр чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен эки турак үйдүн короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү агызып кеткен.

ӨКМден билдиришкендей, сел суулары Таштак айылындагы 5 жаштагы К.А. аттуу баланы жана 3 жаштагы Т.Ф. аттуу кызды агызып кеткен.

“Жалпысынан 8 адамды сел агызып кетип, анын ичинен 6 адамдын сөөгү табылган. Жогоруда аталган кыз менен бала дайынсыз болууда. Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 26 куткаруучу, 7 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий