• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аксыдагы "Жеңижок" атындагы мектептин курулушу аяктоо алдында турат

Аймак 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы "Жеңижок" атындагы мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүүдѳ жана даярдыгы 90%ды түзѳт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, объект жакында пайдаланууга берилет.

Азыркы учурда, подряддык уюм тарабынан сырткы жасалгоо жана көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдѳ. Мындан тышкары, окуу процесси үчүн керектүү жабдууларды жана эмеректерди орнотуу иши башталды.

Белгилей кетсек, бул мектеп 225 окуучуга ылайыкталган, бул калктуу конушта 500 окуучуга чейин окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Анда долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия, физика, информатика класстары курулууда.

Эскерте кетсек, мектептин куруулушу өткөн жылдын январь айында башталган. Анын сметалык баасы 870 124 АКШ долларын түзүп, фонд тарабынан 622 138 АКШ доллары каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий