• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Актөбөдөгү автобус кырсыгы: айыпталуучулар үчүн катаал жаза талап кылынууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.10.18. /Кабар/. Шейшемби күнү 52 өзбек жаранынын өлүмүнө алып келген Самара — Шымкент унаа жолундагы автобус кырсыгы боюнча сотто тараптардын жарыш сөзү болду. Анда каза болгондордун туугандары айыпталуучуларга карата катаал жаза талап кылышты.

Прокурор соттон автобустун айдоочуларын күнөөлүү деп таап, ар бирин беш жылдан, механик менен автобуска ээлик кылган фирманын негиздөөчүсүн жети жылдан жатак абагына кесүүнү сурады.

Өз кезегинде айыпталуучулар күнөөлөрү жок экенин айтып, соттон аларды актоону суранышты. Алар кырсык автобустун ичин каңдагыч лампа менен жылытууга аракет кылган жүргүнчүлөрдүн айынан болгонун айтышууда.

Жарыш сөзгө видеобайланыш аркылуу катышкан каза болгон жүргүнчүлөрдүн туугандары айыпталуучуларга карата катаал жаза талап кылышууда. Алардын айтымдарында, айдоочулар, механик жана фирманын жетекчиси адамдар жөнүндө эмес, акча жөнүндө гана ойлонушкан.

Өзбекстан жарандары бараткан автобус быйыл 18-январда эртең менен Актөбө облусундагы Иргиз трассасында өрттөнүп кеткен. Анда 52 киши мерт болуп, 5 киши аман калган. Расмий версия боюнча өрт автобустун ичин каңдагыч лампа менен жылытуу учурунда чыккан.

Пикир

Оставить комментарий