• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Акталчат–Казарман» автожолундагы көпүрөнү оңдоого 50 млн сом бөлүнөт

Өкмөт 0

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы «Акталчат–Казарман» автожолунда жайгашкан көпүрөнү оңдоого 50 млн сом каражат бөлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республиксынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарында билдирди.

Өкмөт башчы Ак-Талаа районундагы «Акталчат–Казарман» автожолунда жайгашкан көпүрөнүн абалын көрдү.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, жалпы узундугу 140 метр болгон көпүрө өткөн кылымын 60-жылдары салынган. 2017-жылдын март айынын бери түптөрүн суу каптагандыктан авариялык абалган келген. Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп, Нарын дарыясындагы суунун көбөйүшүнөн улам, көпүрөнүн үч тирегичи бошоп калганы аныкталган. Буга байланыштуу көпүрө аркылуу өтүүчү жол кыймылы убактылуу токтотулган.

Жамштибек Калилов Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы «Кыргыздортранспроект» долбоорлоо институтуна көпүрөнү реконструкциялоо долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилгенин маалымдады.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган көпүрө аркылуу өтүүчү транспорт кыймылын калыбына келтирүү үчүн Өкмөт 50 млн сом бөлө турганын билдирди.

Өкмөт башчы жергиликтүү тургундарды сабырдуу болууга чакырып, курулуш талаптарына жооп берген сапаттуу көпүрө куруу өзүнчө убакытты талап кыларын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрине 2017-жылдын сентябрь айына чейин курулушка керектүү болгон бардык жумуштарды аягына чыгарып, көпүрө аркылуу каттамды жүргүзүүнү тапшырды.

Премьер-министр ошондой эл жергиликтүү эл менен жолукканда бардык райондордун борборлорунда жолдорго асфальт төшөө, анын ичинде Ак-Талаа районунда да бир топ жолдорду ондоо иштери жүрөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон жумуш сапарын улантууда – бүгүн, 30-июнда, ал Нарын жана Жалал-Абад облустарында болот.

Пикир

Оставить комментарий