• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 20.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандагы Оскар комитети режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасын “Оскар” сыйлыгына көрсөтүп жатат. Тасма “Чет тилдеги мыкты тасма” номинациясы боюнча башкы байгеге ат салышат.

Кыргызстан киноматографисттер союзунун башчысы Таалайбек Кулмендеев билдиргендей, алгач эки тасма каралып жаткан. Актан Арым Кубаттын “Кентавр” жана Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” тасмасы. Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгында комитет мүчөлөрү “Кентаврга” көп добуш беришкен.

Эске сала кетсек, “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи 2018-жылдын 4-мартында Лос-Анжелесте өтөт.

Пикир

Оставить комментарий