• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Актан Балбаков Социалдык камсыздоо департаментинин директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Балбаков Актан Айдаралиевич Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык камсыздоо департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка КР премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.

Актан Балбаков 1982-жылы 22-январда Нарын облусундагы Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. Үй-бүлөлү, төрт баланын атасы.

Жогорку билимдүү. 2004-жылы финансы жана насыя адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий